Чүйдүн Жайыл районунда 11-февралдын кечинде авиакеросин ташып бараткан DAF үлгүсүндөгү унаа жол кырсыгына кабылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, Бишкек – Ош унаа жолунун 95-чакырымында Кара-Балта – Ош багытында бараткан күйүүчү май ташыган менчик унаа дөңгөлөгү жарылгандыктан жолдун чекесине оодарылып калган.
10 тоннадай авиакеросин жерге төгүлгөн, бирок жанынан аккан Кара-Балта суусуна жеткен эмес.
Окуя болгон жерге КРнын ӨКМнин Жайыл райондук №22 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары чыгышкан. Кошумча күйүүчү май ташуучу унаа чакыртылып, оодарылган унаада калган керосинди куюп кетишкен. Жабыркаган жана каза тапкандар жок. (RK)