Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:48

Копенгагенде ислам таануу боюнча семинар өтүп жаткан имаратка ок атышты


Данияда коопсуздук чаралары күчөтүлдү. 14-февраль, Копенгаген.
Данияда коопсуздук чаралары күчөтүлдү. 14-февраль, Копенгаген.

Дания борборунда ишемби күнү ислам дининдеги маселелер жана сөз эркиндиги боюнча семинар өтүп жаткан имаратка белгисиз кишилер ок атып, бир адам каза тапты. Үч полиция кызматкери жараат алды. Кол салган эки киши качып кеткен.

Семинарга швециялык сүрөтчү, Мухаммед пайгамбардын карикатураларынын автору катары таанылган Ларс Вилкс да катышып жаткан болчу. Ал жараат алган эмес. Ошондой эле Франциянын Даниядагы элчиси Франсуа Зимерей келген. Анын айтымында, ок имараттын сыртынан атылган. Күбөлөр кырктан ашуун ок атуу үнүн укканын айтып жатышат.

Ошол эле күнү кечинде белгисиз кишилер шаардык синагога имаратына ок атып, бир жаранды мерт кылышкан. Эки полиция жараат алган. Маалыматтарга ылайык, ок чыгаргандар эки киши болгон.

Полиция кол салган кишилерди издеп жатат. Окуяга байланыштуу мамлекетте коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

XS
SM
MD
LG