Москванын Басман соту киши колдуу болгон оппозициячыл саясатчы Борис Немцовдун өлүмү боюнча беш адамды камакка алуу чечимин чыгарды. Кармалгандардын ичинен Анзор Губашев менен Заур Дадаев аттуу эки адамга киши өлтүрүү беренеси боюнча айып тагылды. Ал эми Шагид Губашев, Тамерлан Эскерханов жана Хамзат Бахаев деген үч шектүүгө азырынча айып тагыла элек. Алардын баары май айынын башына чейин камакта болмокчу.
Буга чейин кылмышка шектелгендин бири Грозный шаарында аны кармоо учурунда өзүн-өзү жардырып жибергени кабарланган.
Сот чечимин окуп жатып, ишти караган судья айыпталуучулардын бири - Заур Дадаев күнөөнү мойнуна алганын билдирди. Дадаев чечен президенти Рамзан Кадыров түзгөн “Түндүк” батальонунун кызматкери экени маалымдалган.
Азырынча аталган адамдар оппозициячыл саясатчыны эмне максат менен өлтүргөнү кабарлана элек.
55 жаштагы Борис Немцовду 27-февралдын түнү Москванын борборунда, Кремлдин жанында белгисиз кишилер атып кеткен болчу.