Өкмөт демократияны жана базар экономикасын өнүктүрүүнүн заманбап принциптери жолунан тайбайт. Бул тууралуу премьер-министр Жоомарт Оторбаев Нооруз майрамына карата дипломаттар, эл аралык уюмдардын башчылары жана ардактуу консулдар үчүн уюштурулган салтанаттуу аземде айтты. Оторбаев дипломаттарга жана Кыргызстандын өнөктөштөрүнө колдоо үчүн ыраазычылык билдирди.
Премьер-министр ачык базар экономикасын куруу саясатында фундаменталдык кадам Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине интеграциясы эсептелерин белгиледи. "Негизги соода-экономикалык өнөктөштөрүбүз бизге жакын болуш керек. Биз ата мекендик ишканалар үчүн 170 млн. киши иштеген базарды ачып жатабыз. Бул өнүгүү үчүн чоң кадам", - деди Оторбаев.
Өкмөт башчы инвестициялык климаттын жакшыруусу үчүн аракеттер жасалып жатканын, инвестициялар үчүн Кыргызстан даяр болгонун билдирди. (ZMa)