Кыргызстандык поэзия күйөрмандары улуттук адабияттын классик акыны Алыкул Осмоновдун туулган күнүн белгилеп жатышат.
Таң эрте Бишкектеги Ала-Арча көрүстөнүндө акындын кабырына гүл коюлуп, эскерүү митинги өттү. Кыргыз радиосунда саат сегизден баштап ыр ышкыбоздору Осмоновдун ырларын окуп жатышат. Түз эфирдеги бул поэзия кечеси 24 саатка созулат.
Ырлары менен окурмандардын сүймөнчүгүнө айланган акын ондон ашуун китеп чыгарып, Пушкин, Шекспир, Низами, Шота Руставели сыяктуу дүйнөлүк адабияттын алптарынын чыгармаларын кыргызчалаган. Айрыкча Шота Руставелинин "Жолборс терисин жамынган баатыр" поэмасы Алыкулдун котормосунда эң мыкты экени айтылып келет. Шекспирдин "Отелло", "Он экинчи түн" сыяктуу драмалары да кыргыз көрүүчүлөрүнө акындын котормосу боюнча сахналаштырылган.
Алыкул Осмонов 1915-жылы 21-мартта жарык дүйнөгө келип, 1950-жылы 12-декабрда 35 жашында жарык дүйнөдөн өткөн. (ZA)