Бул тууралуу “Азаттыкка” ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.
Бүгүн интернетте күндүзгү саат ондо аталган соода борборго белгисиз бирөөлөр кирип, жетекчилигин бир бөлмөгө бекитип, башка кызматкерлерди чыгарбай жатканы тууралуу маалымат чыккан.
Бул кабар Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө да түшкөн. Соода борборуна барган милиция кызматкерлери ал жерде эч кандай окуя болбогондугун тастыктады. Соода борборунда иштеген кызматкерлердин бири бул жалган маалыматты жакында жетекчилик кызматтардын биринен кеткен адам ички нааразылыктан улам жазышы ыктымалдыгын билдирген.
Соода борбору тынч, кадимки эле режимде иштеп жатканына "Азаттыктын" кабарчылары дагы күбө болуп кайтышты. (AzK)