Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:59

“Кыргыз чоролору” өкмөттүн кетишин талап кылууда


Ушул тапта Ак үйдүн жанына "Кыргыз чоролору" коомдук бирикмесинин өкүлдөрү митингге чыгып, премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин кызматтан кетишин талап кылууда. Алар Кумтөр алтын кенин иштеткен канадалык инвестор "Центерранын" директорлор кеңешине талапкерлерди элдик люстрациядан өткөрүү маселесин да коюп жатат.

Аталган коомдук бирикме 9-апрелде кыргыз элине кайрылуу жасап, “Центерра голд” компаниясынын директорлор кеңешине жети чет өлкөлүк жарандын өкмөт башчысы тарабынан сунушталышы Жоомарт Оторбаевдин ишине шек жаратарын белгилешкен. Ошондой эле кайрылуу ээлери "Центерранын" жаңы планында алтындын кору 48 тоннага азайтылып жазылуусун кылмыш деп эсептөөнү, “Центерра голддун” директорлор кеңешинен чет элдик жарандарды алып салууну талап кылышкан. (SE\MiT)

XS
SM
MD
LG