Биринчи май райондук соту 14-апрелде Жогорку Кеңештин мурдагы спикери, депутат Акматбек Келдибековго байланыштуу ишти кароону улантат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Келдибековдун коомдук жактоочусу Мамбетжунус Абылов билдирди. Анын айтымында, эртең Жогорку Кеңештин Орусияда ачылган өкүлчүлүгү боюнча күбөлөр көрсөтмө берет.
“Ата-Журт” фракциясынын мүчөсү Келдибеков коррупция жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген үч иш боюнча айыпталып, 2013-жылдын күзүндө камалган. 2014-жылдын августунда соттун уруксаты менен чет өлкөгө дарыланууга кетип, Кыргызстанга 10-февралда кайтып келген. (КЕ)