Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:39

Ходорковский "Ачык Орусия" уюмунун кеңсесинин тинтилишин айыптады


Орусиялык мурдагы олигарх Михаил Ходорковский ал негиздеген Москвадагы уюмдун кеңсесинде болгон тинтүүнү айыптап, бул ишти Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров тууралуу даректүү тасманы көргөзүү пландарына байланыштырды. Бейшембиде “Ачык Орусия” уюмунда полиция тинтүү жүргүзүп, компьютерлерди конфискациялаган.

Ходорковскийдин маалымат катчысы Ольга Писпанен кечээ биздин радиого билдиргендей, тартип коргоочулар уюм экстремисттик баракчаларды чыгарып, оппозициянын 19-апрелдеги жүрүшүндө таратууну көздөгөн деп шектенишкен.

Ходорковский өз сайтында тинтүүгө Кадыровдун Орусия саясатындагы орду тууралуу фильмди көргөзүү планы себеп болгонун жазат.

Писпанен “Ачык Орусия” 19-апрелдеги акцияга катышууну мерчемдебегенин кошумчалады.

Ходорковский эл аралык маалымат каражаттарын франциялык “Шарли Эбдо” гезитинин кол салуудан мерт кеткен журналисттерине тилектештик катары Мухаммед пайгамбардын карикатураларын басып чыгарууга үндөгөндөн кийин Кадыров аны жеке душманы деп атаган.

Путин эки согушту башынан кечирген Чеченстанды өз көзөмөлүндө кармап турууда жумурият жетекчисине таянат.

XS
SM
MD
LG