Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:45

Кыргызстанда быйыл жайлоодогу бала бакчалар көбөйөт


Каркыра жайлоосундагы балдар
Каркыра жайлоосундагы балдар

“Роза Отунбаеванын демилгелери” фондунан “Азаттыкка” билдиришкендей, быйыл Кыргызстан боюнча жайлоодогу бала бакчалардын саны 100гө чейин көбөйөт.

Былтыр өлкөнүн бардык региондорунда жайкы 35 бала бакча уюштурулган эле. Жайы бою боз үй ичинде иштей турган бала бакчада жумасына 5 күн, ар күнү үч сааттан окутуу, тарбия иштери жүргүзүлгөн. Бала бакчага жайлоого чыккан үч жаштан 14 жашка чейики балдар тартылган.
Бала бакча жетишсиздиги негизги социалдык көйгөйлөрдүн бирине айланган Кыргызстанда бул маселени чечүүнүн бир жолу катары жайлоо бала бакчаларын ачуу демилгеси экс-президент Роза Отунбаевага таандык. Анын “Роза Отунбаеванын демилгелери" эл аралык фонду бул долбоорду үч жылдан бери ийгиликтүү ишке ашырып келатат.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда мектепке чейинки курактагы балдардын 17 пайызы гана бала бакчага барат.(AzK)

XS
SM
MD
LG