Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:37

“Датка-Кемин” быйыл курулуп бүтөт


Жалал-Абаддагы "Датка" подстанциясы
Жалал-Абаддагы "Датка" подстанциясы

Энергетика министрлиги быйылкы жылы өлкөдө электр менен камсыздоо жакшырарын билдирүүдө. Буга жогорку чыңалуудагы "Датка-Кемин" электр зымынын тартылып бүтүшү өбөлгө болмокчу. Улуттук электр тармактары ишканасынын маалыматы боюнча, бүгүнкү күнгө чейин линиядагы эки көмөкчү станция курулуп бүттү. Ошондой эле маалыматка ылайык, зымдардын 90% тартылып бүтүп, эң оор аймактар гана калган.

“Датка-Кемин” жогорку чыңалуудагы электр зымдарын тартуу боюнча долбоор 2012-жылы башталган. Аралыгы 405 чакырым, кубаттуулугу 500 кВт саат. Бул долбоорду Кытайдын Экспорт-импорт банкы каржылайт, жалпы суммасы 22 млрд.651,43 млн. сомду түзөт.

"Датка-Кемин" линиясы Кыргызстандын Борбор Азиядагы энергетикалык айлампага көз карандысыздыгын камсыздамакчы. (ZKo)

XS
SM
MD
LG