Тажикстанда өзүн президент Эмомали Рахмондун уулумун деп тааныштырып, ишкер, мамлекеттик кызматкерлерди опузалап жүргөн окуучу бала кармалды.
Өлкөнүн коррупцияга каршы агенттигинин маалымат катчысы Олим Забирзоданын бүгүн "Азаттык" радиосуна билдиргенине караганда, Душанбе шаарындагы эл аралык мектепте окуган Хушдил Курбонов өзүн Сомони Рахмон деп тааныштырып, жер тилкесин алып берем деген убада менен бир кишиден 50 миң доллар алууга жетишкен.
Окуя боюнча кылмыш иш козголду. (RK)