Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:33

Глобалдык фонд 120 миң долларды талап кылууда


Иллюстрация
Иллюстрация

Кыргызстанда Глобалдык фонд СПИД жана кургак учук дарты менен ооругандарды дарылоо үчүн бөлгөн акчанын эсеби чыкпай жатат.

Медицина тармагына бөлүнгөн гранттык каражаттардын айрым бир бөлүгү тийиштүү документтер менен тастыкталбагандыктан, Кыргызстан аталган фондго 120 миң доллар карыз болуп калды.

120 миң доллардын изи менен

ВИЧ инфекциясына жана кургак учук дартына кабылгандарды дарылоо үчүн гранттык каражаттарды бөлүп келаткан Глобалдык фонд Кыргызстанда 2009-жылкы текшерүүлөрдүн жыйынтыгында эсеби чыкпай калган 120 миң долларды кайтарып берүү талабы менен Саламаттыкты сактоо министрлигине дагы бир ирет кайрылды.

Министр Талантбек Батыралиевдин айтымында, мындай кат 2012-2013-жылдары да министрликке келгени менен жоопсуз калган. Эми ал бул иштин чоо-жайын аныктоо үчүн тартип коргоо органдарына кайрылганы жатат.

Талантбек Батыралиев
Талантбек Батыралиев

- Эмне болсо болсун. Биздин өлкөгө болгон ишенимди сактоо үчүн биз бул маселени ачыкка чыгарышыбыз керек. Керек болсо күнөөлүүлөрдү таап, аларга акчаны төлөтүшүбүз зарыл. Биз күтүлүп жаткан гранттык жардамдардан баш тарта албайбыз. Анткени ал элибизге керек.

Глобалдык фонд эгер кыргыз тарап 120 миң доллар карызды өндүрүп бербей турган болсо, анда 2013-жылдан 2017-жылга чейин каралган 44 миллион доллардан ашык жардам толук берилбей каларын эскертүүдө. Башкача айтканда, талап кылынып жаткан 120 миң доллар эки эселенип, 240 миң доллардан ашык суммага айлантылат жана 2016-2017-жылдары келчү жардамдын эсебинен кесилип алынат.

СПИДге каршы күрөшүү боюнча республикалык борбордун жетекчиси Үмүт Чокморованын айтымында, мунун арты абдан оор кесепеттерге алып келиши ыктымал.

- Бул иштер мага чейинки болгон. Биздин борборго ошол кезде гранттык акчаны бейөкмөт уюмдарга туура эмес бөлүштүргөн деген кинелер коюлуп жатат. Эми азыр фонд 241 миң 948 долларды кармап калабыз деп айтышууда. Алар ансыз деле каржылоону 50 пайызга кыскартабыз деп жатышат. Анткени эл аралык уюмдар бизди орто деңгээлде өнүккөн мамлекеттердин катарына кошту. Алар мамлекет эми өзү калган дарыны сатып берсин деп жатат. Мисалы, 2016-жылга 5 миллион 807 миң доллар каралууда. Ошонун теңин кыскартып салса, биз абалдан кандай чыгабыз? Дары-дармектерди, системаларды толук ала албай калабыз. Анткени азыр өкмөт бизге эч нерсе сатып бере албайт. Маселени эми прокуратура текшерип чыгыш керек.

Карыз сумманын басымдуу бөлүгү Улуттук фтизиатрия борборуна таандык. Алар 80 миң долларга жакын каражаттын кандай максатта жумшалганын документ менен далилдеп бере алган эмес.

Борбордун жетекчиси Абдулат Кадыров бул иштердин баары ага чейинки жетекчиликтин учурунда орун алганын белгилеп, эми алар мыйзам чегинде бул акчаны төлөп бериши керек деген ойдо.

- Мыйзам бузган мурдагы жетекчилер бул акчаны төлөп бериши керек. СПИДге каршы күрөшүү борборунун жана Улуттук фтизиатрия борборунун мурунку жетекчилери ушул акчаны короткон да. Мисалы, биздин Улуттук фтизиатрия борборуна берилген акчага "балык өстүрүлгөн" дейт, бирок анын документи жок. "Оорулууларга сүт берилген, түрмөдөн чыккандарга паспорт жасап бергенбиз" дешиптир, анын дагы далилдүү документтери жок экен. Туура эмес командировкаларга акча кеткен, тендердин тартиби бузулган деп да бизге азыр жазып жатышат.

Буга чейин козголгон иштерден да дайын жок

Глобалдык фонд катында көрсөтүп жаткан көйгөй Кыргызстандын укук коргоо кызматтарына жаңылык деле эмес.

Баласына ВИЧ илдети жуккан эне мамлекет тарабынан тиешелүү камкордук көрүлбөй жатканын айтып, Ак үй алдына нааразычылыкка чыккан. 16-ноябрь, 2011 -жыл
Баласына ВИЧ илдети жуккан эне мамлекет тарабынан тиешелүү камкордук көрүлбөй жатканын айтып, Ак үй алдына нааразычылыкка чыккан. 16-ноябрь, 2011 -жыл

2012-жылдын март айында Кыргызстандын Башкы прокуратурасы СПИД, кургак учук жана безгекке каршы Глобалдык фонддон Кыргызстанга тийген 34 миллион 890 миң доллардын бөлүштүрүлүшү боюнча кылмыш ишин козгогон. Анда Башкы көзөмөл орган Саламаттыкты сактоо министрлигинин айрым кызматкерлери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланганын, грант түрүндө берилген акчанын бир бөлүгү айлык акыга, унаа сатып алууга жумшалганын айткан эле.

“Өнөктөштүк түйүнү” ассоциациясынын башчысы Айбар Султаналиевдин билдиришинче, кийин бул кылмыш иштердин тагдыры коомчулукка белгисиз бойдон калды. Кыргызстан эми Глобалдык фонддун жардамынан кол жууп калгысы келбесе, жок дегенде мыйзамсыз аракеттерге каршы күрөшүү ниети бар экендигин иш жүзүндө көрсөтүшү керектигин белгилейт эксперт.

- Мамлекет жок дегенде аракет кылып жатканын көрсөтүшү керек. Глобалдык фонд иш Башкы прокуратурага өтүп, анан мурдагы жетекчилер - Афтандил Алишеров менен Сагыналы Маматов боюнча кандайдыр бир чечимдер чыкканын көрүшү керек. Ошондо алар биз 120 миң долларды кайтарып бере албасак да берки акчаны кыскартпай бере беришет. Эгер биз кыймылдабай койсок, анда биздин мамлекеттин колуна акча тийбейт. Ошол учурдагы жетекчилер түздөн-түз иштин башында турушкан. Кагаздарга кол коюп, сынактарды өткөргөн кишилер ошолор.

Глобалдык фонд талап кылып жаткан 120 миң доллар сентябрь айына чейин өндүрүлүп берилиши керек. Анткени Женевада 6-сентябрда Глобалдык фонддун өкүлдөрү 2016-2017-жылга карата карала турган 20 миллион доллар жардам акча боюнча чечим кабыл алышат.

СПИД, кургак учук жана безгек ооруларына каршы күрөшүү боюнча Глобалдык дүйнөлүк фонд менен кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы гранттык макулдашууга 2003-жылы кол коюлган. Ага ылайык, каржылык жардамдар СПИД, кургак учук жана безгек ооруларына каршы күрөшүүгө арналган мамлекеттик программаларды ишке ашырууга, бул илдеттерди алдын алуу багытындагы иш-чараларды жүргүзүүгө жумшалышы керек болчу.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG