Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:33

Ош аэропортун мафия көзөмөлдөйбү?


Ош аэропорту
Ош аэропорту

Кыргызстандын түштүк аба дарбазасы болгон Ош аэропортунда абал курчуп, эмгек жамааты экиге бөлүнүп калды.

Компаниянын авиациялык коопсуздук кызматынын мурдагы башчысы Данил Токтоконов аба майданындагы чуулгандуу карактоого директор Абдинаби Алиевдин жана аны калкалаган саясий-криминалдык күчтөрдүн катышы бар деп айыптап чыкты.

Жетекчиликтин ишин айыптаганы үчүн куугунтукка кабылдык деген эмгек жамаатынын бир тобу коркутуп-үркүтүүгө жана кысымга кабылдык деп мамлекет башчысы Атамбаевге кайрылып, аэропорттун жетекчилигине чара көрүүнү талап кылууда.

Ош аэропортунун директору менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Анын жардамчысы Искендер Майлиев коюлган дооматты иштен айдалган адамдардын куру жалаасы катары баалады.

Карактоо кандайча ишке ашкан?

Былтыр жыл соңунда 27-декабрда Оштун аба майданында катталган чуулгандуу куралдуу карактоонун жаңы жагдайлары ачыкка чыгууда. Ош эл аралык аэропортунун коопсуздук кызматынын мурдагы башчысы Данил Токтоконовдун айтымында, ага жакында эле бул карактоого ыңгайлуу шарт түзүп берген жана каракчыларга көмөктөшкөн жагдайлар белгилүү болгон. Алардын негизгилери катары Токтоконов директор Абдинаби Алиевдин жакындарынын бири, компаниянын жашыруун бөлүмүнүн башчысы Жоомарт Жаанбаевдин кылмышка шектүү адам катары кармалып, бирок аз өтпөй үй камагына чыгарылганын мисалга алды.

Ош аэропортунун ичи
Ош аэропортунун ичи

Мындан сырткары Данил Токтоконов аэропорт жетекчилигинин түздөн түз баш ийүүсүндөгү ыкчам байкоочу топтун карактоо болгон учурдагы шектүү аракеттерин мындайча белгиледи:

- Онлайн режиминдеги видео байкагычта кара беткапчан, автоматчан адамдардын автомашинадан түшкөнү турат. Бирок ыкчам байкоо тобундагы оператор бул кооптуу учурду көрүп туруп, ага көңүл бурбай, тез арада айгай салып, тиешелүү кызматтарга кабар жөнөткөн эмес. Ал турсун башка коопсуздук кызматкерлери мына ошол жайга кирип барып, видеобайкагычтан маалымат алууга тоскоолдук жасалган. Аларды жыйырма минутадан ашуун убакыт бою видео байкагычтын сервери турган бөлмөгө киргизишкен эмес. Кол салуу болуп жатса, алар милицияга тез арада көмөктөшүү ордуна убакытты атайын чойгону жана каракчылар качкан машинелердин номурларын өз учурунда бербегени эмнени каңкуулайт?

Борбордук бийлик кырдаалды билеби?

Ошол эле кезде кайрылууда бул чуулгандуу карактоо иши боюнча компаниянын ичинде кызматтык иликтөө болбогону белгиленген. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, ага катышы бар уюшкан кылмыш тобу жакында кармалган. Андан соң, ал ишти тергөө аба майдандын транспорттук милициясына өткөрүлүп берилген. Анын башчысы Жалил Атамбаевден учурдагы тергөөнүн жүрүшү жана жашырылган жагдайлар туурасында маалымат алууга мүмкүн болгон жок.

Анткен менен жакында эмгек жамаатынын арызы парламенттин “Ата Мекен” фракциясында каралып, бул ишти кылдат иликтөөнү тиешелүү кызматтарга тапшыруу чечими кабыл алынган. Анда жетекчи Абдинаби Алиевди көмүскө колдогон криминалга жакын саясий күчтөрдүн бар экендиги дагы жыйында белгиленген болчу. Мына ошондуктан иликтөө бүткөнгө чейин ага таасир этпөө үчүн аэропорттун жетекчиси Абдинаби Алиевди кызматынан убактылуу четтетүү сунушу киргизилген эле.

Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаев өзүнүн кылмышка шектүү кызматкерин калкалаган Абдинаби Алиевдин артында кандай күчтөр турганын ачык-айкын иликтөө зарылдыгын айтты:

Ош шаары
Ош шаары

- Мына ошол Алиев кызматка алган Жоомарт Жаанбаев окуяга чейин карактоону уюштурган адам менен бир нече жолу телефон менен сүйлөшкөнү жана кийин аны машинесине салып алып Оштон Бишкекке качырганы тергөөдө аныкталган экен. Жаанбаев жолдо аэропорттун директору Алиевдин кабылдамасына чалганы дагы катталыптыр. Мына ошонун бардыгы тастыкталганына карабастан ал жигит учурда эркиндикте жүрөт. Ушул чуулгандуу карактоого аэропорттун директору Алиевдин түздөн түз тиешеси болбосо да, шарт түзгөн дейт. Алиев соода техникумунда окуп, көп жыл кооперация тармагында иштептир. Анан ага эки жолу иш козголуп, бирок айыбы далилденген жок деп кутулуп кеткен экен. Мына ошол Алиевди 2012-жылы жетинчи кабаттагы кээ бир саясатчылар Ош аэропортуна директор кылып отургузушкан.

Бул маселе Жогорку Кеңеште талкууланышына бир топ жагдайлар себеп болгон. Анткени 27-декабрдагы карактоого байланыштуу аба майдандын жетекчисинин жоопкерчилигин кароо боюнча өкмөттө атайын жумушчу топ түзүлгөн. Бирок ал жумушчу топ беш айдан бери эч кандай жыйынтык чыгарган эмес. Өкмөттүн коопсуздук боюнча вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев бул жагдай туурасында комментарий берүүдөн баш тартты. Ошол эле кезде ички иштер министри Мелис Турганбаев бул чуулгандуу иштеги тергөөнүн көңүлүнөн сырткары калган көмүскө жагдайлардын иликтенбей жатышы боюнча дооматка мына минтип жооп берди:

- Ал адам мына ошол карактоого катышы болсо, фактыларды бербейби. Берсин, анан ошого жараша айталы да. Жөн эле айта берген менен эмне. Эң башкысы мына ошол фактылар тастыкталышы керек.

Жоон билектердин жоболоңу

Ошол эле кезде эмгек жамаатынын атынан президент Атамбаевге жолдонгон кайрылууда Ош аэропортунда оор кесепеттерге алып келүүчү кырдаал түзүлгөнү белгиленген. Анда жетекчиликтин криминалга жакын чөйрө менен чырмалышып кеткени көрсөтүлгөн. Ага мисал катары эки жыл ичинде тажрыйбалуу кызматчылар иштен айдалып, алардын ордуна кайсы бир спорт клубунун “тарбиялануучулары” жумушка тартылган учурлар катталганы көрсөтүлгөн.

Данил Токтоконов аэропортто мурда соттолгон жана уюшма топтун мүчөсү катары каттоодо турган адамдар кызматка алынган учурлар бар экенин жар салды:

Карактоого катышы бар деп шектелгендердин биринин фото роботу
Карактоого катышы бар деп шектелгендердин биринин фото роботу

- Мага чейин коопсуздук кызматына жумушка кабыл алынган жигиттерди коргон катары коюп алышкан. Директор Алиев эч кандай текшерүүсүз эле жумушка алган кызматкерлер расмий түрдө коопсуздук кызматында инспектор болгону менен чынында анын жеке жансакчылары катары кызмат кылышат. Аларды Алиев керектүү учурда өз кызыкчылыгына карата пайдаланып турат. Мен атайын кызмат, милициянын жооптуу кызматкерлери менен сүйлөшкөндө алар “силерде иштеген мына ошол балдардын арасында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү катары атайын каттоодо тургандар бар экенин айтышкан. Аны текшерип көрсө эле четинен чыгат. Анан бизде мурда соттолгон адамдар иштей турганы дагы жумуш учурунда белгилүү болгон. Конкреттүү фактылар, конкреттүү фамилиялар бар.

Ош аэропортундагы мына ушул жагдайды талкуулоо үчүн 24-апрелде компаниянын өзүндө атайын жыйынга чогулган эмгек жамааты кысымга дуушар болгону айтылды. Эмгек жамаатынын кайрылуусунда өткөн эки жыл аралыгында эле үч жүздөн ашуун кызматкер жумушунан негизсиз кетирилгени белгиленген.

Жетекчиликтин мыйзамсыз буйругунун негизинде “Ош аэропортунан” жумуштан айдалгандардын бири Үсөн Мирзалходжаев директор кызматка алган мына ошол спортчулар жыйынды үзгүлтүккө учуратып, аларды залдан сүрүп чыгарганын айтты:

- Алиевдин жана анын жакын чөйрөсүнүн кылыктарына эмгек жамааты эки жылдан бери чыдап келе жаткан. Өзүмбилемдиги чегинен чыккандан кийин кызматынан мыйзамсыз айдалып жаткан эмгек жамааты чогулуп, маселени талкуулайлы дегенбиз. Бирок Алиевдин спортчу жигиттери адамдарды залга киргизбей койгонго аракет кылышты. Ага карабай биз жыйынды уланата турган болгондо чагым кылып, уруш чыгарганга бара турган болушту. Аз жерден чоң чатак чыгып кете жаздады. Анан биз тынчтыкты сактайлы деп жыйынды токтотууга туура келди. Мына ошол жыйында авиациялык коопсуздук кызматынын жетекчиси арткы мөөнөт менен кызматтан кеткенин жарыялашты. Анткени аны эмгек жамааты толук колдоп кетет деп коркушту. Алар менен тирешүү жаңжалга гана алып келмек.

Ош аэропорту: дооматтар негизсиз

Бирок мына ушул орчундуу дооматтарга байланыштуу Ош эл аралык аба майданынын жетекчиси Абинаби Алиев менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Анын Ош аэропортундагы кабылдамасына чалганда, жетекчинин бир жакка кеткенин айтып, берилген суроолорго түз жооп беришпеди. Ошол эле кезде башкы директордун жардамчысы Искендер Майлиев эмгек жамаатынын атынан президентке жолдонгон кайрылууда келтирилген мисалдарды негизсиз курулай жалаа катары мүнөздөдү:

- Аба майданында карактоо болгон учурда биздин директор ооруканада болчу. Анан эми видео байкагычтын сервери турган жайга кирүү атайын уруксат менен болот. "Ал жакка 20-30 мүнөткө чейин коопсуздук кызматкерлери киргизилген эмес" деген сөз чындыкка коошпойт. Тиешелүү уруксат алынары менен жооптуу кызматкерлер киргизилген. Токтоконовдун кримчөйрөгө жакын адамдар аэропортко жумушка алынган дегени дагы туура эмес. Анткени Данил Токтоконов өзү авиациялык коопсуздук кызматынын башчысы болуп туруп, мына ошол адамдарды кызматка алууга макулдук берет да. Эгерде чын эле ошондой болсо, ал макулдук бербей койбойт беле? Анан эми жыйын үзгүлтүккө учуратылды деген доомат дагы суу кечпейт. Анткени мына ошол мурда-кийин жумуштан ар кандай себептер менен айдалган адамдар топтолуп, аэропорттун кызматкерлерин алдап чакырып, жыйын өткөрүүгө аракет кылышкан. Ал жыйын алдын ала макулдашылган эмес. Жумушка саботаж кылуу аракети болгондуктан, ал тууралуу тиешелүү органдарга кат жөнөтүлгөн.

Чырмалышкан "чырмооктор" же атайын кызматтын алсыздыгы

Ош эл аралык аэропортунун директору Абдинаби Алиев 2012-жылы директорлор кеңешинин чечими менен кызматка коюлган. Бирок бул жерде анын кызматка отурушуна парламенттеги “Республика” фракциясынын партиялык квотасы роль ойногону боюнча мисалдар бар. Анткени мына ошол учурда “Республика” фракциясынын жетекчиси, учурда “Бир бол” партиясына төрага болгон Алтынбек Сулайманов ал адамдын аталган кызматка дайындалышына кызыкдар болгону саясий чөйрөдө белгиленип келет. Кийин анын жакын санаалашы Замир Сыргабаевдин инисинин бул чуулгандуу карактоо боюнча кармалышы алардын кандайдыр бир байланышы тууралуу күмөн саноолорду жараткан.

Ош аэропортундагы жагдайды жакындан билген талдоочу Керимбек Макеев эмгек жамаатынын кайрылуусунда келтирилген жагдайды мындайча ырастады:

Алтынбек Сулайманов
Алтынбек Сулайманов

- Абдинаби Алиев деген мурда финансы полициясында иштеген. Анан Ош аэропортуна которулган. Ал жетектеген учурда Ош аба майданы тополоң-тозго айланды. Алиев Ош аэропортуна криминалдык таасири бар адамдардын бардыгын кызматка алып алганы кашкайган чындык. Ал жерди иш жүзүндө Алтынбек Сулайманов, Замир Сыргабаев, "Душка" дегендердин балдары тейлейт. Мына ошол жагдайлар эми сыртка чыга баштаган турбайбы. Аны мурда эле ал жерде иштегендер билишчү. Булардын бардыгы депутат Алтынбек Сулаймановго караштуу адамдар. Бардыгы бул жерде Алтынбек аркылуу болот. Өткөндөгү каракталган акчанын он пайызын мына ошол Алиев алган деген сөздөр бар.

Ош эл аралык аба майданы өлкөдөгү эң башкы стратегиялык объекттердин тизмесине киргизилген. Анын тилкесин күзөтүү жана мекемеге кызматка алуу тартиби атайын мыйзам менен жөнгө салынат. Бирок мыйзамдагы мына ошол тартиптер соңку жылдары анчейин сакталбай келгени боюнча эмгек жамаатынын кайрылуусунда мисалдар келтирилген. Компанияда тиешелүү коопсуздук чаралары эбактан бери эле сакталбай калган деп билдирген Касымбек Акимов бул маселени жөнгө салууда учурда атайын кызматтар дагы алсыздык кылып жатканын айтты:

- Аэропорттун имаратынын ичинде “отузунчу” деген атайын кабинет бар. Ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке караштуу. Ал жерде чекисттер иштешет. Бирок менин таң калганым, мына ушунун бардыгын көрүп туруп, алардын бир конкреттүү чара көрө албаганы. Бизге Алиевдин адамдары кадимкидей эле басым жасап, коркутуп-үркүтүп жатканын биз аларга билдирип келгенбиз. Бирок эч кандай чара көрүлгөн жок. Алиев деген мына ушундай кол тийбес монстр болуп калганын билген эмес экенбиз. Биз анын токтоосуз кызматтан кетишин талап кылабыз. Анан аэропорт анын аркасы менен жумушка кирген уюшма топтун адамдарынан тазаланышы кажет. Биз президент Атамбаевден мына ушул жагдайдын тез арада чечилишин суранабыз.

Ошол эле кезде эмгек жамаатынын атынан президентке жазылган кайрылууда бул жагдайлар эмне себептен мындан беш ай мурун жарыяланбаганы коомчулукта суроо жаратты. Башында каракталган акчанын суммасы тергөөдө 6 миллион долларга чукул деп көрсөтүлгөн. Бирок авиациялык коопсуздук кызматынын мурдагы башчысы Данил Токтоконов өз булактарына таянып, 13 миллион доллар каракталганын айтып чыкты. Анткени калганы декларациядан өткөн эмес. Ош аэропортунун жетекчиси менен андагы фирмалардын ортосундагы көмүскө макулдашуу боюнча Үрүмчүгө алынып өтө турган валютанын өлчөмү дайыма азайтылып көрсөтүлүп турган.

XS
SM
MD
LG