Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:44

Москвада Жеңиш парады өтүп жатат


Экинчи Дүйнөлүк согушта Жеңиштин 70 жылдыгына арналган ири аскердик парад ушул сааттарда Москвада өтүп жатат. АКШ жана Евробиримдиктин бойкотуна карабай парадга жыйырмадан ашык өлкөнүн президенттери катышууда. Алардын арасында президент Алмазбек Атамбаев да бар. Кызыл аянтта өткөн парадга Орусиянын аскердик кубатын көрсөтүп, он алты миңден ашык аскер, 200гө жакын аскердик техника, алардын ичинде 150дөн ашуун учак катышары айтылган.

Парадды кабыл алган орус президенти Экинчи Дүйнөлүк согушта каза болгондорду эскерүү үчүн бир мүнөттүк аза жарыялады.

Украинанын чыгышындагы абалга байланыштуу Европадагы көпчүлүк өлкөлөрдүн жетекчилери Москвадагы парадга катышуудан баш тарткан.

XS
SM
MD
LG