Айрым категориядагы кыргызстандыктар Орусиянын "кара тизмесинен" чыгарылат. Бул тууралуу эмгек, миграция жана жаштар министри Айбек Азыранкулов маалымат жыйынында билдирди.
“Кара тизме толугу менен жоюлбайт. Одоно мыйзам бузгандар ал тизмеде кала берет. Айрым категориядагы адамдар гана чыгарылат. Ушул убакка чейин кайрылгандардын жарымы тизмеден чыгарылды” деди Азыранкулов.
Министрдин маалымдашынча, "кара тизмеге" киргендердин үй-бүлө мүчөсүнүн бири Орусия жараны болсо, же өзү Орусияда студент болсо, же одоно мыйзам бузбаса тизмеден чыгышы мүмкүн.
Акыркы расмий маалыматтарга караганда, Орусиянын "кара тизмесине" илинген кыргызстандыктардын саны 77 миңге жетти. (МТо)