Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:59

Тажикстан: хижаб, сакалга уруксаттын сатылышы иликтенет


Диний экстремизм менен күрөшүп жаткан бийликтер кыйкым таппасын деп сактанган адамдарга жасалма уруксат кагазынын сатылышы боюнча тергөө башталганын баш прокуратура билдирди. «Мусулмандарга узун сакал коюп, аялдарга хижап кийүүгө болот» деп айтылган уруксат кагазы Диндер боюнча мамлекеттик комитеттин атынан сатылып жаткандыгы социалдык тармактарда талкууланууда. Баш прокуратурадан "Азаттыктын" тажик кызматына билдиришкендей, «документтерди көп санда жасоо, диний, улуттук аралык жана социалдык жек көрүүчүлүктү козутуу» деген айып боюнча тергөө жүрүп жатат.

XS
SM
MD
LG