Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:39

Душанбе менен Бээжин кылмышкерлерди өз ара экстрадициялайт


Тажикстан жана Кытай коркунучтуу кылмышкер деп шектелгендерди жана соттолгондорду бири-бирине өткөрүп бере баштайт. Мындай келишимди тажик парламенти 20-майда бир добуштан колдоду. Башкы прокурор Юсуф Рахмонов азыр кытай түрмөлөрүндө 16 тажик, анын ичинде 7 аял отурганын айтып, кытайлык тажиктер Тажикстанда жаза мөөнөтүн өтөсүн деп сунуш кылды. Алардын төртөө, анын ичинде бир аял өлүм жазасына тартылган. Башка бешөө өмүр бою эркинен ажыратылган. Этностук тажиктердин көбү маңзат аткезчилигин кылды деп соттолгон.

Рахмоновдун айтымында, учурда үч Кытай жараны Тажикстанда жаза мөөнөтүн өтөөдө.

XS
SM
MD
LG