Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:31

Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдар боюнча мыйзам долбоору БУУну тынчсыздандырды


БУУнун Адам укугу боюнча Башкы комиссары Нави Пиллай.
БУУнун Адам укугу боюнча Башкы комиссары Нави Пиллай.

Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссары Кыргызстандын “чет элдик агенттер” боюнча мыйзам долбоору адам укугун коргоочу топтордун ишмердигине тескери таасир этиши мүмкүн деп, аны кайра кароого үндөдү. "Мыйзам долбоорунда тыш өлкөлөр каржылап, саясатка аралашкан коммерциялык эмес уюмдар “саясий ишмердиги аныкталбай туруп” чет өлкөлөрдүн агенттиги деп катталат" деп айтылат Жогорку комиссардын өкүлү Рупер Колвилле 26-майда жасаган билдирүүдө. "Так эмес сүйлөмдөр кызмат көрсөтчү жана адам укугун жактоочу көптөгөн жарандык уюмдарды оор абалга салышы ыктымал” деп белгиленет анда.

Береги мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 27-майда талкуулай баштайт.

XS
SM
MD
LG