Бишкектин Биринчи Май райондук соту адвокат Икрамидин Айткуловдун уулу Азаматты 13-июнга чейин камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу адвокат “Азаттыкка” билдирди. Ал Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта болот.
Айткуловдун уулу көз боемочулукка шектелип 26-майда кармалган. Адвокат уулунун камалышын өзүнүн кесиптик ишмердиги менен байланыштырган.
Икрамидин Айткулов өлкөдөгү белгилүү адвокаттардын бири. Ал айрым саясатчылардын чуулгандуу иштерине адвокат болгон. Эки жыл мурун аны белгисиз бирөөлөр катуу сабап кетишкен эле. (BkA)