Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:48

УКМК: Чыңгыз Шамшиевге издөө жарыяланды


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Мамлекеттик башкаруу академиясынын мурдагы жетекчиси Чыңгыз Шамшиевге издөө жарыялады. 27-майда УКМК ага "ири өлчөмдө пара талап кылган", "жеке пайда көрүү үчүн кызматынан кыянаттык менен пайдаланган" деп сыртынан айып такты.

Атайын кызматтын белгилешинче, Шамшиев тергөөчү менен байланышка чыкпай, чет мамлекетте жүргөндүктөн Бишкектин Биринчи Май райондук соту ага карата баш коргоо чарасын "камакка алуу" деп аныктап, сыртынан издөө жарыялады.

Буга чейин маалымдалгандай, Шамшиев ректор кезинде окуу жайда кадрдык реформа жүргүзгөндө мамлекетке каржылык зыян келтирген, академияга караштуу ашкананы ижарага берип, 300 миң сомго жакын каражатты өз кызыкчылыгына колдонгон деп айыпталууда. (RK)

XS
SM
MD
LG