Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:48

Багдадда жанкечтинин жардыруусунан алты адамдын өмүрү кыйылды


Расмий өкүлдөр билдиргендей, жанкечти айдаган унаа Багдаддагы полиция бекетинде жарылган.

Жанкечти бомба салынган унаа менен келип полиция бекетин сүзгөндө үч полицей жана үч жөн-жай тургун каза тапты.

Жарылууда алардан тышкары дагы 15тей киши жаракат алып, бир нече унаа өрттөнүп кетти.

Кол салуу үчүн азырынча эч ким жоопкер боло элек.

Багдадда жана анын айланасында бомба чабуулдары дээрлик күн сайын болуп турат.

Жарылуулардын артынан алардын көпчүлүгү үчүн өлкөнүн ири бөлүктөрүн ээлеп алган “Ислам мамлекети” тобу жоопкерчилик алып келүүдө. (UE)

XS
SM
MD
LG