Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:31

Нарында «Чексиз мүмкүнчүлүктөр дүйнөсү» аттуу фестивал өтүүдө


Нарында майыптардын «Чексиз мүмкүнчүлүктөр дүйнөсү» деген аталыштагы 4-республикалык музыкалык фестивалы өттү. Ага бардык облустардан келген 18 жаштан 50 жашка чейинки мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар катышып, эстрада, фольклор жана бий боюнча таланттарын көрсөтүү менен таймашка чыгышты.

Майып адамдардын катышуусундагы бул иш-чараны «Мүмкүнчүлүк» жана «Нарындын өзгөчө муктаждыгы бар балдарынын ата-энелери» коомдук уюмдары уюштурууда. Фестивалга алыскы облустардан жалпысынан 28 катышуучу жана аларды коштогон адамдар менен 70тей адам келген.

Фестивалда өткөн сынактардын байгелерин жергиликтүү демөөрчүлөр колго алышкан.

Бул фестивал 3 жыл мурда Жалал-Абадда башталып, кийин Ысык-Көлдө жана Ош шаарында өткөн. Бул жолкусун Нарында, кийинки эстафетаны Талас же Чүй облусуна өткөрүү планы бар экенин уюштуруучулар белгилешти. Алар өлкө аймагын гана кыдыруу менен чектелбестен, келечекте Казакстанда да өткөрүү ою бар экенин да билдиришет. (MiK)

XS
SM
MD
LG