Бостондогу теракт үчүн өлүм жазасына өкүм кылынган Жохар Царнаевдин адвокаттары сот чечимине макул эместигин билдирип, алдын ала доо арыз берди. Адвокаттар толук кандуу апелляциялык арыз 17-августка чейин берилерин айтышууда.
Өткөн айда АКШнын федералдык соту Царнаевди өлүм жазасына өкүм кылган болчу.
2013-жылы 15-апрелде тынч спортчулардын Бостон марафону учурунда бир тууган Тамерлан жана Жохар Царнаевдер орноткон бомбадан үч киши өлүп, 264 адам жаракат алган. 17 киши колу-буттарынан ажырашкан.
Царнаевдер Кыргызстандын Токмок шаарынан бир нече жыл мурун Дагестанга көчүп кетип, андан ары АКШда баш паанек табышкан.