Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:46

БШК шайлоону 4-октябрга белгилөөнү президентке сунуштады


Бул тууралуу “Азаттыкка” Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Гүлнара Баатырова билдирди.

“Мыйзамга ылайык, мөөнөт шайлоо өткөрүлгөн күндөн баштап эсептелет. Мурдагы шайлоо 2010-жылы 10-октябрда өткөрүлгөн. Ушуга байланыштуу кийинкисин мурдагы шайлоо өткөрүлгөн айдын биринчи жекшембиси, 4-октябрга белгилөөнү президентке сунуштадык”, - деди Баатырова.

Мыйзам боюнча, шайлоо күнү ага чейин 60 күндөн аз эмес, 75 күндөн көп эмес убакытта белгилениши керек. БШКнын эсебине ылайык, президент 21-июлдан 5-августка чейин бир чечимге келиши ыктымал. (МТо)

 

XS
SM
MD
LG