Америкалык мыйзамчылар ФИФАны коорупциядан арылтуу үчүн батыл жана манилүү реформаларды жасоо учуру келди деп эсептейт.
Шаршембиде Сенаттын соода иштери боюнча кичи комитетинде Висконсин штатынан шайланган сенат Роберт Блументал ФИФАдагы жетекчилердин ишин мафияга теңеди. Ал эми дагы бир сенат Жерри Моран АКШнын Футбол федерациясын да реформа жүргүзүүгө чакырды. Бирок федерациянын аткаруучу директору футбол мекемесиндеги коррупция тууралуу маалыматы жоктугун айтты.
Сенаттагы угуу ФИФА президенти Йозеф Блаттер кызматынан кетүүгө мажбур болгон коррупциялык жаңжал тергелип жаткан учурда өткөрүлдү. Ушул жылдын май айында АКШнын Юстиция министрлигинин өтүнүчү менен Цюрихте ФИФАнын жети жогорку даражалуу жетекчилери кармалган. Алар коррупцияга, пара алууга, америкалык банктарды мыйзамсыз акча которууга колдонгон деп айыпталууда. Блаттер сенаторлордун угууга катышуу чакырыгын четке каккан.
Ал арада Швецария ФИФАнын камакка алынган жетекчилеринин бирин АКШга экстрадиция кылганы маалым болду. Бирок анын атаган жок.
Reuters өткөн жумада өз булактарына таянып, коррупция боюнча айыпталган ФИФАнын мурдагы вице-президенти Жеффри Уэбб АКШга экстрадиция кылууга макул болгондугун жазып чыккан.
“ФИФАнын камакка алынган жети жетекчисинин биринчиси 15-июлда АКШга экстрадиция кылынды" деп айтылат Швецариянын Юстиция министрлигинин маалыматында.