Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:14

Түркияда эки полициячынын өлүмү үчүн күрт согушкерлери жоопкерчилик алды


Бүгүн Түркиянын түштүк-чыгышында, Сирия менен чектеш Шанлыурфа аймагындагы Жейланпынар шаарында полициянын эки кызматкеринин сөөгү табылган эле. Аларды белгисиз бирөөлөр атып кеткени айтылып жаткан. Көп өтпөй өлкөдө тыюу салынган Күрт жумушчу партиясынын аскердик канаты бул кол салуу үчүн жоопкерчилик аларын жарыялады. Бул топ негизинен күрттөр байырлаган Суруч шаарында 32 адамдын өмүрүн алган эки күн мурдагы жанкечти чабуулунан соң "жазалоочу чара" катары ушундай кадамга барганын айткан. Алар полиция кызматкерлерин "Ислам мамлекети" радикал тобу менен кызматташкан деп айыптаган.

Түрк премьер-министри Ахмет Давудоглу мумун алдында Суручтагы жардырууга чек аранын Сирия тарабында күрт кошуундары менен күрөшүп жаткан "Ислам мамлекети" радикал тобунун тиешеси болушу ыктымалдыгы жогору экенин айткан. Ошондой эле ал өкмөттүн жакынкы жыйынында Түркия менен Сирия чек арасындагы коопсуздук чараларын күчөтүү маселеси караларын билдирген.

XS
SM
MD
LG