Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:05

Сирия президенти армиядан качкандарга мунапыс берет


Сириянын президенти Башар Асад жалпы аскердик милдет жөнүндөгү мыйзамды бузгандарга мунапыс жарыялады.

Ага ылайык, Сириянын аймагында армияда кызмат өтөөдөн качып жүргөндөр бир ай ичинде, башка өлкөгө чыгып кеткендер эки ай аралыгында өз эрки менен келсе кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт.

Сириянын улуттук армиясы толуктоолорго муктаж. Ал ушул тапта бир нече фронтто – ички исламчыл көтөрүлүшчүлөргө жана өлкөнүн ири аймактарын ээлеп алган “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун жоочуларына каршы согуш жүргүзүүдө. (AzK)

XS
SM
MD
LG