Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:37

Бишкекте 7 айда коомдук транспорт катышкан 80 кырсык катталды


Жол-кайгуул кызматынын маалыматына ылайык, 2015-жылдын башынан бери коомдук транспорт катышкан 80 жол кырсыгы катталып, үч киши каза болгон. Жүргүнчүлөрдү ташыган транспорт катышкан кырсыктардан улам 114 киши ар кандай жарааттарды алган.

Жарым жыл ичинде Бишкекте жалпы жол кырсыктарынын саны 1 194кө жеткен. Анын кесепетинен 44 киши көз жумган.

Мындан тышкары шаарда 120 миңден ашык жол эрежесин бузуу фактылары катталган. Эрежени бузгандарга жалпысынан 64 миллион сомдон ашык айып пул салынган. Сотко 2 129 административдик материал жөнөтүлгөн. (AzK)

XS
SM
MD
LG