Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:57

Фейсбуктун ээси балалуу болот


Фейсбук социалдык тармагынын ээси Марк Цукерберг өзүнүн баракчасына аялы Прицилла кош бойлуу экенин, жакында кыздуу болушарын жазып чыкты. “Жубайым догдур жана педагог катары дүйнөнү өзгөртүүгө салым кошкусу келсе, мен кайрымдуулук иштери менен алекмин. Эми биз бул дүйнөнү өз балабыздын келечеги үчүн өзгөртөлү деп жатабыз. Бир нече жылдан бери келинчегимдин боюнан үч ирээт түшүп, балалуу боло албай жүрдүк эле. Эми жакында мен ата болуу бактысынын даамын татканы турам”, - деп жазып чыкты.

Марк Цукерберг улуту кытай Прицилла менен 2012-жылы үйлөнгөн эле. (BCh)

XS
SM
MD
LG