Төрт жылда бир жолу өтчү спартакиаданын катышуучуларын быйыл үчүнчү жолу Жалал-Абад облусу кабыл алат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Шейшенкул Бакиров Жалал-Абад облусунун спорт коомчулугу менен болгон жолугушууда билдирди.
Маалыматка караганда, 7-спартакиада сентябрь айында Жалал-Абад, Майлуу-Суу, Токтогул жана Кочкор-Ата шаарларында өтөт. Программага спорттун 13 түрү киргизилген. Мелдешке 7 облустан жана Бишкек менен Ош шаарларынан 1700дөн ашуун адам катышары болжолдонууда. (SDz)