Күзүндө өтө турган парламенттик шайлоого “Кут” партиясынын мүчөлөрү “Бир бол” партиясынын тизмеси менен барат. Биригүү тууралуу макулдашууга 6-август күнү кол коюлду. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Бир болдун” аткаруу комитетинин төрагасы Досалы Эсеналиев билдирди:
“Кут” партиясы менен программалык идеяларыбыз шайкеш болуп турат. Айрыкча экономикалык багыттарыбыз дал келгендиктен алар биздин тизме менен шайлоого барууну чечишти, - деди Эсеналиев.
“Кут” партиясынын лидери - Тимур Эркинов, ал эми “Бир болдуку” - Алтынбек Сулайманов.
Жогорку Кеңешке шайлоо быйыл 4-октябрда өтөт. Ага катышуу үчүн 34 партия арыз берген. (SE)