Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:21

Жапониядагы элчинин миссиясы аяктоодо


Кыргызстандын Жапониядагы элчиси Рысбек Молдогазиевдин дипломатиялык миссиясы соңуна чыкты. Буга байланыштуу 10-августта элчи император Акихитонун кабыл алуусунда болгонун бүгүн Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Жолугушууда император президент Алмазбек Атамбаевге саламын айтып, кыргыз элине мындан аркы өнүгүүнү каалады.

Мамлекет башчы Атамбаев менен император Акихитонун жолугушуусу 2013-жылы Токиодо өткөн.

Рысбек Молдогазиев Жапонияда билим алып, Токиодогу кыргыз элчилигинин алгачкы кызматкерлеринин бири болгон. Элчилик орунга 2011-жылдын июнунда дайындалган. Аны кызматтан алуу тууралуу жарлыкка президент 23-июлда кол койгон. (RK)

XS
SM
MD
LG