Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:01

Жалал-Абад – Казарман жолундагы көпүрө оңдоого муктаж


Жалал-Абад шаарын Тогуз-Торо району менен байланыштырган унаа жолдун 34-чакырымындагы Үрүмбаш көпүрөсү 5 жылдан бери оңдолбой келүүдө. Адистер узундугу 10 метрге жакын бул көпүрө эскилиги жеткендиктен унаа кыймылы үчүн кооптуу деген бүтүмүн 2010-жылы чыгарганы менен азыркыга чейин иш жылбай турат.

Оңдоого 10 миллион сом талап кылынары эсептелип чыгып, долбоору жазылган. Бирок Унаа жана байланыш министрлиги каражат бөлбөй жатканы өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жумагүл Эгембердиева көпүрөнүн абалы менен таанышуу үчүн барганда айтылды. Облус башчысы тийиштүү жетекчилерге тез арада көпүрөнү жаңылап кайра куруу боюнча конкреттүү сунуш берүүнү тапшырды.

Үрүмбаш көпүрөсү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин сел, ташкын жүрүү коркунучу жогору объекттер тизмесине киргизилген. (RsK)

XS
SM
MD
LG