Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:56

Майлуу-Суунун тургуну 20 килограмм маңзат менен кармалды


Кара-Көл шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан Кетмен-Төбө жайлоосунда жапайы кара куурай терип жаткан жеринен Майлуу-Суу шаарынын 38 жаштагы тургуну кармалды.

Сурак учурунда аны өзү чегүү максатында жыйнап жатканын билдирген. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ИИБнын басма сөз кызматы кабарлады. Учурда бул боюнча тергөө жүрүүдө.

Жалал-Абад облусунун аймагында 610 гектардан ашык жерде жапайы кара куурай өсөт. Быйыл анын 40% жок кылынды. (RsK)

XS
SM
MD
LG