Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:47

Ош шаарындагы автобекет шаар четине көчүрүлүүдө


25-августтан тарта Ош шаарында шаарлар, райондор жана облустар аралык жүргүнчүлөрдү тейлөө шаар четиндеги жаңы №2-мамлекеттик автобекет тарабынан жүргүзүлөт. Бул тууралуу бүгүн мэриядан кабарлашты.

Шаардын түндүк тарабында, Кара-Суу районунун аймагында жайгашкан жаңы автобекеттин жалпы аянты 4 гектар. Ага 1500 кичи автобус, 4 миңден ашуун жеңил унаа батат. Маалыматка ылайык, бир эле учурда 500 жүргүнчүнү тейлөө мүмкүнчүлүгү бар.

Мурдагы автобекет калаанын чок ортосунда жайгашып, тегерегинде дайыма унаа тыгыны пайда болчу. (YI)

XS
SM
MD
LG