Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:13

АКШ Орусия сотунун Украинанын эки жаранына чыгарган өкүмүн сынга алды


Орусиялык аскер сотунун шейшембиде украиналык режиссер Олег Сенцов менен активист Александр Кольченкого чыгарган өкүмү негизсиз деген пикирин АКШнын мамлекеттик департаменти билдирди.

Анда соттун өкүмү ката болуп эсептелери айтылган, анткени соттолгон экөө тең украин жарандары, Украина аймагында кармалып, Орусияга жеткирилип, ал жакта камакка алынган. Аларга орус жарандыгы таңууланып берилген, деп белгиленет Мамдепартамент билдирүүсүндө. Ошондой эле алар түрмөдө отурган учурда туугандары менен жолуктурулбай, адвокаттар менен камсыз болушуна да чек коюлган. Сенцов менен Кольченко Крымдын Орусия тарабынан аннексияланышына каршы пикири үчүн жаза курмандыгы болуп калышканы билдирилген.

АКШ мамдепартаменти тынч акцияларда өз пикирин эркин билдиргени үчүн куугунтукталган адамдар тарабында болорун белгилеп, Орусия бийлигин Минск келишиминде өзүнө алган милдеттенмелерин аткарууга жана Олег Сенцов, Александр Кольченко, Надежда Савченко баш болгон курмандыктарды бошотууга чакырган.

XS
SM
MD
LG