Москва тарабынан АКШ жана Европа өлкөлөрүнүн товарларын алып кирүүгө тыюу салынгандан бери Белорусия Орусияга азык-түлүктү арбын экспорттоп жаткан мамлекет.
Азык-түлүк эмбаргосунан кийин Орусияга сырттан эт ташып келүү 12% азайган. Белорусия Орусияга уй этин арбын жөнөтө баштады. Бул жагынан ал Бразилия менен Парагвайдан кийинки үчүнчү орунда турат. Ал эми сүт азыктары жагынан Белорусия баарынан алдыда. Белорусия сырлары орус базарынын 75% ээлейт, Европадан келген сырдын үлүшү 10% айланасында.