Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:14

Кариби Тажик бийликтеринин сөзүн четке какты


Тажикстан Ислам кайра жаралуу партиясынын чет өлкөдө сүргүндө жүргөн лидери Мухиддин Кабири. Душанбе, 17-февраль 2010
Тажикстан Ислам кайра жаралуу партиясынын чет өлкөдө сүргүндө жүргөн лидери Мухиддин Кабири. Душанбе, 17-февраль 2010

Тыйуу салынган Тажикстан Ислам кайра жаралуу партиясынын чет өлкөдө сүргүндө жүргөн лидери Мухиддин Кабири “Азаттык” радиосуна жиберген электрондук катында “Мен бардык айыптоолорду четке кагам. Не менин, не биздин партиянын бул окуяларга эч кандай тиешеси жок”,-деп билдирди.

17-сентябрда Тажикстандын Башкы прокурорлугу Коргоо министринин мурдагы найыбы Абдухалим Назарзода жана анын тарапкерлери Кабиринин тапшырмасына ылайык аракеттенген деп билдирген. Назарзода кечээ Рамит капчыгайындагы операция кезде жок кылынган. Тажик бийликтери Назарзоданы жана анын жөкөрлөрүн 4-сентябрда Душанбеде жана Вахдат шаарларындагы кол салуулар үчүн күнөөлөгөн. Эки калабада 26 адам, анын ичинде 9 милиционер жана 17 согушчан өлгөн.

XS
SM
MD
LG