Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:59

"Азаттык" партиясынын эки талапкери тизмеден чыгарылды


Боршайком бүгүнкү 18-сентябрдагы жыйынында "Азаттык" партиясынын эки талапкерин тизмеден чыгарды. Токтосунов Медер жана Кубатбеков Шамбет өз калоолору менен арыз жазышкан.

Мындан тышкары бүгүн БШК "Бир Болдун" 79, "Кыргызстан" партиясынын 19 ишенимдүү өкүлдөрүн каттады.

Жакында эле "Ар Намыс" партиясынын тизмесинен үч киши, “Улуу Кыргызстан” партиясынан жана “Бир Бол” партиясынын тизмесинен бир киши чыгарылган.

"Ата Мекен" менен КСДП да айрым талапкерлерин тизмеден чыгарган. Шайлоо өнөктүгү башталгандан бери партиялардын БШКга берген тизмесинен 80 ашуун талапкер чыгарылды

Мыйзамда белгилендей, 1-октябрга чейин партиялар тизмени өзгөртө алышат. (JM/AzK)

XS
SM
MD
LG