Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:21

Москвада оор дартка кабылган кош бойлуу келин жардамга муктаж


Москва шаарында 3-сентябрда мээ кан тамыры жарылып, ооруканага түшкөн кош бойлуу 30 жаштагы келин Кызбурак Орозбаеванын абалы оор бойдон калууда. Бул туурасында “Азаттыкка” анын жолдошу Алмаз Тажибаев билдирди. Анын айтуусунда, бүгүнкү күндө жубайы оң тарабы кыймылсыз болуп эс-учун билбей жатат.

“Азыр оорукана өзүнүн дары-дармегин берип жатат. Бирок мындан ары дарылоого күнүнө 30 миң рубль акча керек болот дегендей кылып жатышат. Курсагындагы баламдын абалы жакшы дешти. Азыр 24 жума болуп калды. Эмне кыларымды билбей, айлам кетип олтурам. Биякка келип анча-мынча карыздардан кутулуп, оокат кылалы дедик эле”-дейт Тажибаев.

Аларга Орусияда жашаган мекендештер 80 миң рублга чукул жардам акча чогултушту.Кызбурак азыр Н.В Склифосовский атындагы ооруканада нейрохирургиялык бөлүмдө жатат.

Ош шаарына караштуу Жапалак айылынын тургундары Моквага ушул жылдын май айында келишкен. Алмаз Тажибаев курулушта, ал эми жубайы Кызбурак Орозбаева ашпозчу болуп иштеп жүрүшкөн. (AzK)

XS
SM
MD
LG