Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:43

Ошто 8 ай ичинде саламаттык сактоо тармагында 7 кылмыш аныкталды


Бул тууралуу президенттин “бийлик органдарындагы коррупция менен күрөшүү жөнүндө” буйругунун аткарылышы тууралуу Ошто кечээ, 22-сентябрда өткөн жыйында маалым болду.

Ош шаардык ИИБи тарабынан жыл башынан бери калаадагы саламаттыкты сактоо тармагындагы мекемелерде коррупциялык мүнөздөгү жети факт боюнча кылмыш иши ачылган. Ал кылмыштардын көпчүлүгү кызмат абалынан кыянат пайдалануу жана пара талап кылуу болуп саналат. Кылмыш иштеринин баары сотко жиберилген.

Жыйынга УКМК, прокуратура, милиция, саламаттык сактоо тармагындагы жетекчилер жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.(YI)

XS
SM
MD
LG