Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:04

Жалал-Абад облусундагы рейдде 10 курал табылды


Жалал-Абад облусунун аймагында 14-21-сентябрь күндөрү ички иштер кызматкерлери  тарабынан өткөрүлгөн “Арсенал” рейдинде жергиликтүү тургундардан 10 даана ок атуучу курал жана 7 ок-дары алынды.

Бул тууралуу облустук ИИБнын басма сөз кызматы билдирди. Түшүндүрүү иштеринин натыйжасында 4 куралды жарандар өз ыктыяры менен беришкен.

Калгандары оперативдик маалыматтардын негизинде, айрым жарандардын үйүн тинтүү учурунда табылган. (RsK)

 

XS
SM
MD
LG