Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:58

Улуттук университет: институттарды кыскартуудан 60 млн. сом үнөмдөлдү


Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университеттин башкы имараты
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университеттин башкы имараты

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде структуралык өзгөрүүлөр уланууда. Окуу жайдын алдында түзүлгөн институттар жоюлуп, факультеттерге бириктирилди. Мунун айынан бири-бирин кайталаган ондогон кызматкерлер иштен алынып, натыйжада 60 млн. сом үнөмдөлгөн. Бул тууралуу “Азаттыкка” университеттин кафедра башчысы, тарых илимдеринин доктору Айнура Арзыматова билдирди.

Буга чейин Кыргыз улуттук университетин өнүктүрүү концепциясы иштелип чыгары айтылган.

Август айында жаңы ректор Чынара Адамкулованын демилгеси менен окуу жайда ири өзгөрүүлөр башталган.

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети өлкөдөгү эң алгач түзүлгөн жана ири окуу жайлардын бири. Анда учурда 30 миңге жакын студент билим алат. Советтер союзу учурунда билим берүүнүн флагманы аталган университетте акыркы жылдары окутуунун сапаты төмөндөп, паракорлук өрчүгөнү айтылып келет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG