Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:17

Ошто шайлоочулардын 59% добуш берүүгө катышты


Саат 20:00дөгү жыйынтык боюнча Ош шаарында 79 546 адам добуш берди. Ал жалпы шайлоочулардын 59,6%ын түздү. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Рысбек Нурдинов билдирди. Акыркы жыйынтыктарда бул сан бир аз өзгөрүшү мүмкүн. Анткени айрым участкалардын бюллетендери шаардык комиссияга толук келе элек.

Ал эми шайлоочулар кайсы партияларга добуш бергени Борбордук шайлоо комиссиясы жарыялаган маалыматта белгилүү болот.

Түштүк борбор калаада 80 шайлоо участогунда133 388 шайлоочу тизмеге киргизилген болчу.

Ош облусу жана Ош шаарынын аймагында жалпысынан милициянын жана күч түзүмдөрүнүн 3500 кызматкери, ыктыярдуу элдик кошуундун 6896 өкүлү коомдук тартипти көзөмөлдөдү. Милиция кабарлагандай, учурда аймакта коомдук-саясий абал туруктуу. (ErN)

XS
SM
MD
LG