Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:21

Эл аралык байкоочулар: Шайлоо атаандаштык негизде өттү


Бүгүн Бишкекте ЕККУ алдындагы Демократиялык институттар жана Адам укуктары боюнча бюросунун байкоочулары алдын-ала жыйынтыктар тууралуу маалымат берди. Анда 4-октябрдагы шайлоо атаандаштык негизде өтүп, шайлоочулардын тандоосуна кеңири мүмкүнчүлүк берилгени айтылды.

"Бул атаандаштык шайлоо чыныгы уникалдуу болуп өттү. Кечки саат 8:00 чейин эч ким алдын-ала парламенттин курамын билген жок",- деди ЕККУнун атайын координатору жана кыска мөөнөттүү байкоо миссиясынын жетекчиси Игнасио Санчез Амор.

Эл аралык байкоочулар биометрикалык каттоо, жаңы технологияны киргизүү колдоого аларлык аракеттер экенин кошумчалашты.

Ошол эле учурда шайлоо жараянын дагы жакшыртып, анын ачык-айкындуулугун камсыздоо үчүн биртоп иштер жасалышы керектиги белгиленди.

4-октябрдагы парламенттик шайлоого 600 ашуун эл аралык, 2,5 миңдей жергиликтүү байкоочу көз салды. Буга чейин КМШ, ШКУ байкоочулары өз пикирин билдирип, шайлоо эл аралык деңгээлде өткөнүн белгилешкен. (КЕ)

XS
SM
MD
LG