Бул тууралуу «Элим барсыңбы?» кайрымдуулук фондунун Оштогу өкүлү Акынбек Эргешов “Азаттыкка” билдирди. «Жылуулук тартуулаңыз» деп аталган акцияга жардам бергиси келген тургундар уюмга бир кап көмүрдүн акчасын – 250 сом тапшырышы керек. Натыйжада андан чогулган каражатка Ош шаарында, калаа жакасында жашаган 30 үй-бүлөгө көмүр сатып берүүгө жумшалат. Алар көп балалуу, жалгыз бой, мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөлөр.
Акциянын уюштуруучулары бир үйгө кеминде бир тоннадан акысыз көмүр түшүрүп берүүнү пландашкан. Иш-чара ноябрга чейин уланат.
«Элим барсыңбы?» коомдук кайрымдуулук фонду былтыр да ушул маалда Ошто 20 аялуу үй-бүлөгө бир тоннадан көмүр тушүрүп берип жардам кылган. Алар бул акцияны быйыл өлкөнүн башка аймактарында да өткөрүүнү пландашууда.
Учурда Ош аймагындагы көмүр кендери казылган жерде анын баасы 1 кг – 2 сом 50 тыйын, ал эми шаардын айланасында 3-4 сомдон сатылууда. Быйыл көмүр сатып алуучулардын аздыгынан былтыркыга караганда көмүр арзан. Муну адистер соңку акча кунунун кетиши менен калкта каражат жок калгандыгы менен байланыштырууда. (ErN)