Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:40

Мугалим - коомдун жүлүнү


Чатырда окуган балдар
Чатырда окуган балдар

Мугалимдин барк-баасына байланышкан маселелер быйыл адаттан тыш көтөрүлүүдө. "Азаттыктын" кабарчылары даярдаган мугалимдер тууралуу материалдар топтомунун аудио версиясын сунуш кылабыз.

Кыргыз өкмөтү “сапаттуу билим аркылуу өлкөнүн келечегин” камсыздоо ураанын көтөрүп, мугалимдин билимине, билгичтигине маани берүү максатын алдыга коюп жатат. “Азаттыктын” кабарчылары бул ирет апта темасы аркылуу азыркы мугалимдин бейнесин тартууга аракет кылышты.

Коомдо кичинесинен чоңуна чейин “билим берүү начар, мугалимдер жакшы сабак бербейт” деп айтып келишет. Педагогдор өздөрү билимсиз болуп атканы үчүн барк-баасы жоголду дегендер да арбын. Бирок алардын аброюн көтөрүү үчүн “маянаны жогорулатуу” керектигин мугалимдер өздөрү да, ата-энелер да, бийликтер да белгилешет. Оштон кабарчыбыз Эрнист Нурматов азыркы мектеп мугалиминин бейнесин тартканга аракет кылды.

please wait

No media source currently available

0:00 0:03:47 0:00
Түз линк

Элеттик мугалимдердин көбү мектептеги жумушунан сырткары чарбачылык менен алектенет. Ошондон улам айрым адистер айылда мугалимдик кесипке туруктуу айлыгы бар, бирок аны ара-чолодогу иш катары карап калышты деген ойлорун айтып жүрүшөт. Чын эле мугалим үчүн мектеп маанисин жоготуп баратабы? Нарындан кабарчыбыз Мирлан Кадыров сураштырып көргөн.

please wait

No media source currently available

0:00 0:02:56 0:00
Түз линк

Эгемендиктин алгачкы жылдарынан тарта арзыбаган айлыкка жан сактай албай, кесибин алмаштырган мугалимдердин алды алыскы-жакынкы чет өлкөлөргө иш, жакшы жашоо издеп кеткени жалпыга маалым. Алар азыр мугалимдик кесипти сагынат болду бекен? Мектепке кайтууну каалашабы? Москвадагы кабарчыбыз Лазат Жаныбек кызы кесибин алмаштырган мекендештер менен баарлашты.

please wait

No media source currently available

0:00 0:02:21 0:00

Кыргызстан аймагында быйыл да “Мыкты мугалим” республикалык сынагы өттү. Бир нече номинациядагы мындай сынак Бишкек шаарында да өтүп, бир топ мугалимдер мыкты деп табылышты. Алардын бири – Аида Баялинова “Эң жаш мыкты мугалим” наамын жеңип алды. Кабарчыбыз Айгерим Акылбекова “Эң жаш мыкты мугалим” Аида иштеген мектепке барып, сабагына катышып келди.

Аида - эң мыкты жаш мугалим
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:18 0:00
Түз линк

Мектеп окуучусу үчүн мугалим ким? Алардын ишин жаш муундар өрнөк тутабы? Кабарчыбыз Айгерим Жаныкул кызы окуучулар менен сүйлөшүп көрдү.

please wait

No media source currently available

0:00 0:01:25 0:00
Түз линк

Кыргыз өкмөтү жаңы жылдан баштап мугалимдин билимин, интеллектуалдык мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу максатында аттестациялоону жандандырып, кайра даярдоону колго алууну убада кылууда. Бул демилгелерди ишке ашыруу үчүн кандай аракеттер керек? Мектепке билим берүү боюнча эксперт-педагог Догдуркүл Кендирбаеванын кеңештерин Улан Эгизбаев сунуш кылат.

please wait

No media source currently available

0:00 0:05:00 0:00
Түз линк

XS
SM
MD
LG