Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:49

Чакиев кызматтан убактылуу четтетилди


Максат Чакиев
Максат Чакиев

Тергөө жүрүшүндө Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаментинин жетекчиси Максат Чакиев кызматынан убактылуу бошотулду. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Кылмыш-процессуалдык кодексинин 118-беренесине ылайык, кылмышка шектүү адам иликтөөнүн бейтарап жүрүшүнө, соттук териштирүүгө жолтоо болбошу үчүн кызматынан убактылуу четтетилет.

Максат Чакиев 28-майда ИИМдин 5-башкармалыгынын кызматкерине 92 миң сом пара берип жатканда кармалган. Милиция бул тууралуу ишиндеги мыйзам бузууну жабуу үчүн Чакиев ушундай кадамга барган деп маалымат тараткан.

Милицияга пара берди деп шектелген Максат Чакиевди эки айга камакка алуу чечими 30-майда чыккан эле. Кийинчерээк ал үй камагына чыгарылган. (TSh)

XS
SM
MD
LG