Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:36

Беларуста президенттик шайлоо өттү


БШКнын маалымдашынча, 11-октябрда саат 18:00ге карай шайлоочулардын 81% көбү добуш берди. Шайлоону өттү деп жарыялаганга мыйзам боюнча 7 миллион шайлоочунун 51% добуш бергени жетиштүү. Оппозиция өкүлдөрүнүн айтуусунда, бийлик өкмөттүк мекемелердин кызматкерлерине, ооруканадагы кеселдерге жана студенттерге эртелеп добуш бергиле деп кысым жасаган. Президент Александр Лукашенко 11 жашар уулу Коля менен чогуу добуш бергенден кийин оппозициянын лидерлерине добушканалар жабылган соң мыйзамды сактагыла деп эскертип, “Биз эч кимге мыйзам бузууга жол бербейбиз”, деген.

Президенттикке Александр Лукашенко, Либералдык-демократиялык партиянын төрагасы Сергей Гайдукевич, “Чындыкты сүйлө” жарандык өнөктүгүнүн өкүлү Татьяна Короткевич жана Беларус патриоттук партиясынын төрагасы Николай Улахович ат салышты. Лукашенко 1994-жылдан бери тактыда.

XS
SM
MD
LG